АММОСОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:28, 13 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АММОСОВ Максим Кирович [(11. (23). 10. 1897, Якутия, Нам областы, Хатыры айылы – 28. 7. 1938)] – саясий жана мамлекеттик ишмер. 1915–18-ж. Якутскидеги мугалимдер семинариясында, 1930–32-ж. Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуган. Якутияда Совет бийлигин орнотууга катышкан. 1921-ж. Якут ревкомунун төрагасы, 1922–23-ж. РКП(б)нын Якут облустук бюросунун секретары, Москвадагы Якут өкүлчүлүгүнүн төрагасы, 1925-28-ж. Якут АССР Эл Комиссарлар Советинин жана Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы, 1932–34-ж. партиянын Батыш Казакстан обкомунун секретары, 1934–36-ж. партиянын Караганды, 1936–37-ж. Түндүк Казакстан обкомдорунун биринчи секретары. 1937-ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 1-секретары, 1937-жылдын мартынан Кыргызстан КП(б) БКнын 1-секретары болуп иштеген. 1938-ж. жазыксыз камакка алынып, репрессияланган.