АБДЫКЕРИМОВ Кудайберген

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 Август (Баш оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКЕРИМОВ Кудайберген (1952-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Жаңы-Алыш айылы) – ветеринария илимдеринин доктору. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1975). Эмгек жолун А. Дүйшеев атн. Кыргыз ветеринария ИИДе кенже илимий кызматкер болуп иштөө менен баштап, ошол эле жерде илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директор, башкы илимий кызматкер. Анын негизги илимий иштери торпоктун ичеги-карын инфекцияларынын этиологиясын, патогендик бактериялардын түзүлүшүн комплекстүү изилдөөгө, торпоктун калибактериоз жана сальмонеллезге каршы вакциналык дарыларды иштеп чыгууга арналат. Анын 90дон ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, сунуштар бар. Эмг.: Микробиологиялык эпизоотология. -Б. 2011.-357 С. (в соавт.).