АБДУРАСУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:28, 31 Июль (Теке) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАСУЛОВ Ырысбек (1950-ж.т., Тажикстан, Жерге-Тал кыш.) – койдун селекция, генетикасы ж-а породасы боюнча адис, айыл чарба илимдеринин доктору (1999), проф. (2001). 1972-ж. КАЧИни бүтүрүп, ошол эле жерде аспирантурада окуган. 1972–73-ж. колхоздо веттехник, Мал чарба ИИИде, Кыргыз ССР ИАнын Биохимия ж-а физиология институтунда кенже илимий кызматкер (1975-81), К. И. Скрябин атн. КАЧИде ассистент, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1981-91), Кыргыз агрардык академиясында (КАУда) илимий иштер б-ча проректор (1996–2001), 2001-жылдан Эл аралык тоолор институтунда директор. Абдурасулов 50дөн ашык илимий эмгектин, а. и. 2 монографиянын автору. Эмг.: Экологические основы селекции овец кыргызской тонкорунной породы. Б., 1997.