АБА-ДЕСАНТ АСКЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБА-ДЕСАНТ АСКЕРИ – душмандын тылында согушууга дайындалган аскер түрү. Аба-десант аскери парашют-десанттык, танкалык, артиллериялык, өзү жүрүүчү артиллерия жана башка аскер бирикмелеринен, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн жана байланыш, инженердик сыяктуу атайын аскердик бөлүктөрдөн түзүлөт. Аларга парашют менен самолёттон секирүүнүн жана согушуунун атайын тактикасы үйрөтүлөт. Стратегиялык Аба-десант аскерлеринин душмандын терең тылындагы эң орчундуу жерлерди ээлөөгө жана негизги күчтөр келгенче кармап турууга, анын мамлекеттик ж-a согуштук башкаруу түйүнүн кыйратууга, ядролук чабуул коюучу каражаттарын, базаларды жана башка маанилүү объектилерди жок кылууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар өз милдеттерин куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрүнүн бирикмелери, бөлүктөрү менен биргелешип аткарат. Аба-десант аскерлерин душмандын тылына түшүрүү үчүн аскердик-транспорттук авиация колдонулат. Дүйнөдөгү болуп жаткан улуттар аралык, этникалык чыр-чатактардын, локалдык согуштардын тажрыйбасы Аба-десант аскелеринин мааниси зор экендигин ачык далилдөөдө.