«А» тамгасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:18, 10 Июль (Теке) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«А» – 1) латын, Кирилл графикасын колдонгон элдердин, анын ичинде кыргыз элинин алфавитиндеги биринчи тамга.

Жазуунун түрү Белгиси Мезгили
Орхон-Енисей жазуусу V - Х-к.
Араб алфавити 1 XVIII к - 1927-ж.
Латын алфавити А а 1927 - 1941-ж.
Орус (кириллица) алфавити А а 1941-жылдан

Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн; 2) кыргыз адабий тилиндеги кең, жоон, ачык, кыска, созулма ('«А» эки ирет жазылышы аркылуу туюнтулат) үндүү тыбышты билдирет; 3) байыркы кыргыз (түрк) жазмасында - Г сөлөкөтүндө жазылган. Сүйлөм тутумунда байламта катары да колдонулат; 4) чет тилдерден кирген сөздөрдүн башында кыргызча «сыз» мүчөсүндөй терс маанини туюндурат (мис., алогикалык - логикасыз; асимметрия - симметриясыз); 5) иретти туюнтууда «биринчи» деген маанини билдирет.