АНАНД МУЛК РАДЖ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАНД Мулк Радж (12. 12. 1905, Пешавар - 28. 9. 2004) – инди жазуучусу, илимпоз жана коомдук ишмер. Англис тилинде жазган. 1929-ж. Лондон университетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору, Пенжаб университетинин проф. (1962). 1936-ж. Индия прогрессчил жазуучуларынын ассоциациясын уюштурган. Ал алгачкы «Кол тийбес» (1935), «Кыштак» (1939) деген чыгармаларында карапайым жумушчулардын, кедей-дыйкандардын оор турмушун сүрөттөйт. А. – «Индия раджасынын жеке турмушу» (1953), «Жол» (1961), «Баатырдын өлүмү» (1963) ж. б. прозалык чыгармалардын автору. «Жети жыл» (1951) жана «Тад супасы» (1964), «Сүйгөндүн дилинен чыккан сөз» (1976) аттуу автобиографиялык үчилтигинде колониализмдин калдыктарын айыптаган. Анын «Кулдар» (1936), «Кылыч жана орок» (1942) аттуу романдарында социалдык маселелер козголуп, карапайым калктын жашоо турмушун чагылдырат. М. Р. Ананд – Тынчтыктын эл аралык сыйлыгынын лауреаты (1953).