АНАНАС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:23, 27 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАНАС (Ananas) – бромель тукумундагы көп жылдык тропик чөп өсүмдүгү. Жалбырагы жазы, тасма сымал, калың, кыры тикендүү, узундугу 80 смге чейин. Машакча топ гүлдүү. Гүл жалбыракчасы бири-бирине жабышып өсүп, сүйрү, чоң, сары топ мөмө (жемиш) берет. Ал назик, даамы кычкыл-таттуу, жыттуу келип, салмагы 2-15 кгга жетет, уругу болбойт. Гавайи, Филиппин,

АНАНАС 66.png

Тайвань, Цейлон ананасдары, Инди-Кытай ж. б-да өстүрүлөт. Тропиктик Америкада 5-6 түрү бар. Анын мөмөсүндө кант, азоттуу заттар, кислоталар, күл болот. Мөмөсү жаңы кезинде желет, ошондой эле консерва түрүндө тамак-ашка колдонулат. Кыям жана конфет жасалат. Ананастын жалбырагынан баалуу техникалык була алынат. Чырпыгы, калемчеси, кээде мөмөсүнүн жогору жагындагы жалбырактарын тамырлатуу менен көбөйтүүгө болот.