АНАКСИМАНДР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАКСИМАНДР Милетский (б. з. ч. 610–546-ж.) – байыркы грек милет мектебинин өкүлү, философ, Фалестин шакирти, «Табият туурасында» деген филос. чыгарманын автору. А. тиричиликтин баштапкы негизи – биримдик, түбөлүк; айкындыгы жок нерсе – «алейрон», ал мейкиндик менен убакыттын чексиздигин гана көрсөтпөстөн, аң-сезимдин чексиздигин да көрсөтөт, апейрондун дайыма кыймылда болушунан тынымсыз карама-каршылыктар (жылуу менен суук, жарык менен караңгы) пайда болуп, ошолордун күрөшүнүн натыйжасында өзгөрүштөр болуп турат деген жана Ааламдын чексиздиги ж-дө божомол айткан. Адам башка жандуулар сыяктуу балыктан жаралган деп, жаныбарлар дүйнөсүнүн чыгышын табигый – тарыхый көз караштан түшүндүргөн эволюция идеясын көтөргөн.

Ш.К.Алиева.