Тармактык Энциклопедия:КОПЕРНИК
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Николай (19.2.1473 – 24.5.1543) – польш. астроном, дүйнөнүн гелиоборбордук системасын түзүүчү. Көп кылымдар бою кабыл алынып келген Жердин борбордук абалы ж-дөгү окууну төгүнгө чыгарып, табият таануу илимине төңкөрүш жасаган. Жылдыздардын көзгө көрүнгөн кыймылын Жердин өз огунун айланасында ж-а планеталардын (а. и. Жер да бар) Күндүн айланасында айлануусу м-н түшүндүрүлгөн. Ал өзүнүн окууларын 1616-ж-дан 1828-ж-га чейин католик чиркөөсү тыюу салган «Асман сфераларынын айлануусу жөнүндөгү» (1543) чыгармаларында баяндаган.