Тармактык Энциклопедия:ЮПИТЕРГЕ ЖАНА АНЫН ЖАНДООЧУЛАРЫНА БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
ар түрдүү ыкмалар м-н жүзөгө ашырылат. Мис., радардык ж-а инфракызыл нурунун жардамы м-н байкоолордо жандоочулардын беттери муздан ж-а муз-зоока аралашмасынан турары аныкталган. Америкалык «Пионер-10» (1973) ж-а «Пионер-11» (1974) планеталар аралык станциялары м-н Юпитер ж-а жандоочулары ж-дөгү маалыматтар такталып толукталган. Бул станциялар Ганимед жандоочусун жакын аралыктан сүрөткө тартышып, анын бетиндеги турактуу күңүрт ж-а ачык түстөгү түзүлүштөр табылган. Ио жандоочусу атм-рага, б.а. ионосферага да ээ экени аныкталган. 1979-ж. амер. «Вояджер-1» станциясы Юпитер планетасынын бетине жакын учуп өтүп, Юпитердин айланасын майда бөлүкчөлөрдөн турган жука шакек курчап турарын ж-а шакектин диаметри 24300 кмге, туурасы 8700 кмге, калыңдыгы 30 кмге жакын экенин аныктаган. Юпитердин тегиздиги м-н анын биринчи 5 жандоочусунун тегиздиктеринин дал келиши, бул жандоочулар планета м-н бир убакта бир эле заттын коюу абалынан пайда болгонун далилдейт. Калган жандоочулар кайсы бир доордо кичине планета (астероид) болуп, кийин Юпитердин жандоочусуна айланган деп болжолдонот. Юпитердин ж-а анын 4 галилейлик жандоочусунун коллажын түзүү үчүн «Вояджер-1»дин Юпитерге жакын өтүп бараткандагы учур өзүнчө сүрөткө тартылып алынган (1979-ж). Масштабы эрктүү алынган, бирок алардын салыштырмалуу абалдары төмөнкүдөй: Ио (жогорку сол жактагы), Европа (ортодогу), Ганимед (төмөнкү сол жактагы) ж-а Каллисто (төмөнкү оң жактагы). Калган 12 жандоочусунун кыйла майдаларынын төртөө Ионун орбитасынын ичинде ал эми калгандары планетадан бир нече млн. километр аралыктарда айланышат (сүрөттү караңыз).