Тармактык Энциклопедия:ЭГИЗДЕР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Gemini) – бири-бирине жакын жайгашкан Кастор ж-а Поллукс эки жаркырак жылдыздуу зодиак топ жылдызы. Э. Саманчы жолунун четинде жайгашкан ж-а дүрбү м-н жакшы көрүнгөн. М35(NGC2168) чачыранды жылдыздык топтошуусунан, о. эле Эскимос деп аталган 8-жылдыз чоңдугундагы NGC2392 планетардык тумандуулукту камтыйт. Анда Геминиддер деген метеордук агымдын радианты жайгашкан эмес. КМШнын орто кеңдигинен күзүндө, кышында ж-а эрте жазда көрүнөт.