Тармактык Энциклопедия:ШКАЛАНЫН НӨЛ ПУНКТУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кандайдыр бир эсептөө системасы үчүн шкаланын башталышы же нөлдүн абалы. Астрон. байкоолордо колдонулуучу оптика-механикалык ченөө аспаптарында, микроскоп шкаласында, сызгычтарда ж.б. түзүлүштөрдө шкаланын нөл пункту эсөптөө жүргүзүүчү механизмдин нөлдүк абалына туура келүүчү чекит же штрих аркылуу берилет. Нөл пункт аспаптардын түзүлүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө, ар кандай сырткы (темп-ра, басым ж.б.) себептердин таасирине байланыштуу өзгөрүп турат. Нөл пункт бул учурда атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн ж-а байкоолордун негизинде аныкталат.