Тармактык Энциклопедия:ШАР – УЧКУЧ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– суутек м-н толтурулуп, эркин учурулуучу резина шар; ар кандай бийиктиктеги шамалдын ылдамдыгын ж-а багыты же булуттуулуктун ылдыйкы чегин билдирүүчү бийиктиктерди аныктоодо колдонулат. Ш.-у. турактуу ылдамдыкта көтөрүлөт. Демек ылдамдыкты анын көтөрүү күчү м-н кабынын салмагы б-ча эсептеп алууга болот. Шардын бийиктиги шарды эркин бошотуп коё бергенден баштап, эсептөө жүргүзүүгө чейинки убакытка болгон көбөйтүндүсү м-н аныкталат. Шардын бийиктигин ж-а бийиктиктин горизонт ж-а азимут м-н түзгөн бурчтарын бир мезгилде эсептеп ар түрдүү бийиктиктеги шамалдын ылдамдыгы м-н багыты аныкталат. Бурчтар аэрологиялык теодолит м-н табылат.