Тармактык Энциклопедия:ЧАГЫЛГАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– булуттар ортосундагы же булут м-н Жердин ортосундагы көзгө көрүнгөн атм-ралык зор электр учкун түрүндөгү разряд, Ал көбүнчө жамгыр, нөшөр учурунда пайда болуп, күчтүү жарк этип күркүрөгөн үн чыгарат. Мындай разрядда ток күчү 100 кАга жетет. Ч-дын разрядынын узундугу бир нече км, диаметри ондогон см болуп, жарк этүү узактыгы секунданын ондогон үлүшүнө чейин жетет. Ч. бир нече түргө бөлүнөт: сызыктуу Ч., ракета сымал Ч., чекит сымал Ч., тасма сымал Ч., шар сымал Ч., Ыйык Эльма оттору ж.б. Ч-ды Б. Франклин 1-болуп изилдеген.