Тармактык Энциклопедия:ЦЕРЕРА
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Ceres) – 1-жолу ачылган эң ири кичине планета (астероид). Ц-ны 1801-ж. 1-янв. итал. астороному Ж. Пиацци ачкан. Диаметри 770 км, Күнгө чейинки аралыгы 2,77 а. б., айлануу мезгили 4,6 жыл, тогошуудагы орточо жылдыз чоңдугу 7,4. Фотоэлектрдик байкоолордун натыйжасында алынган амплитудалуу жарк этүүсүнүн анча чоң эмес термелүүсү 0,04 жылдыз чоңдугуна ж-а мезгили 9 с 5 минга барабар.