Тармактык Энциклопедия:ФОТОЭЛЕКТРОНДУК КӨБӨЙТКҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– начар жарык агымын катточу курал. Ф. к. астрон. изилдөөлөрдө кеңири колдонулат. Фотокатоддун материалына жараша фотокөбөйткүч тигил же бул нурлануунун спектринин областына сезгич келет. Мис., сурьма-цезийлүү фотокатод ультракызгылт-көк нурга, ал эми кычкылтек-цезийлүү фотокатод көрүнгөн нурга, о. эле инфракызыл нурга сезгич. Ф. к. – азыркы астрофотометриянын жарыкты каттагычынын негизи. Ал эң жакшы фотографиялык эмульсияга караганда он эсе өтө сөзгич келет. Фотокөбөйткүч жылдыздардын жаркырактыгын өлчөөдө, астрон. объектилердин түрдүү бөлүктөрүндөгү спектрлеринин жаркырактыгын аныктоодо ж-а бир катар астрофотометриялык изилдөөлөрдө башка куралдар м-н алмаштырылгыс курал. 

<img src='ФОТОЭЛЕКТРОН.gif'/>


www.lighting-design.ru