Тармактык Энциклопедия:ФОТОГРАФИЯЛЫК АСТРОМЕТРИЯ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– жылдыздуу асманды сүрөткө тартуу м-н астрон. маселелер чечилүүчү астрометриялык бөлүмү. Ф. а. чечүүчү маселелерге: жылдыздардын, планеталардын, жасалма асман телолорунун ж. б-ларадын асман координаталарын өлчөө; асман объектилеринин өздүк кыймылдарын аныктоо; жылдыздардын тригонометриялык параллакстарын өлчөө; кош жылдыздардын компоненттерин кыймылын изилдөө иштери кирет. Ф. а. б-ча 1-илимий эмгек Ж. Бондго (1857) таандык. 19-к-дын 90-ж-рындагы фотографиялык астронометрия ыкмасы кеңири тарап кеткен. Колдонулуучу нешгизги аспабы – астрограф.