Тармактык Энциклопедия:ФОБОС
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Phobos) – Марcтын табигый жандоочусу, Марска чейинки аралыгы 9400 км, айлануунун синодикалык мезгили 7 с, 39 мин 27 сек. 1971–72-жылдардагы «Маринер-9» космос зондунун жардамы м-н алынган сүрөттөлүшүндө Ф-тун формасы туура эмес экенин көрсөттү. Анын узуну б-ча өлчөмү 26 км, туурасы 21 км. Көп сандаган кратерлер байкалат. Ф-тун бетинин альбедосу Айдын эң караңгы жеринин алъбедосуна жакын. Ф-ту 1877-ж. А.Холл ачкан.