АТАКСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. ataxia ‒ баш аламандык) ‒ кыймылдын бузулушу. Көбүнчө четки нерв талчалары, көрүү дөӊчөлөрү, вестибуль аппараты, жүлүн, кара куш, маӊдай ж-а төбө мээлери жабыркаганда (сезгенүү, шишик ж. б.) болот. Дене (статикалык) ж-а бут-кол (динамикалык) А-сы болуп бөлүнөт. Дене А-сында оорулуу көзүн жумса, теӊселип түз тура албайт. Бут-кол А-сында көзүн жуумп, сөөмөйүн мурдунун учуна тийгизе албайт, көтөргөн бутунун согончогун экинчи бутунун тизесине жеткире албайт, теӊ салмагын жоготуп теӊселип, буттарын талтайтып мас кишиге окшоп басат. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерди жоюуга багытталат. Дарылоочу физкультуранын жардамы м-н бузулган кыймылдарды калыбына келтирүүгө болот.