Тармактык Энциклопедия:ТҮНКҮ АСМАН ЖАРЫГЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– адам көзү баамдабаган атм-радагы газдардын ж-а начар жылдыздардын жарыгы. Булут ж-а шаар жарыгы болбогондо түнкү асман караңгыдай көрүнөт. Т. а. ж-дагы көзгө көрүнбөгөн жылдыздардын жарыгынын үлүшү болжол м-н бардык жарыктын 1/3ине барабар. Жылдыз жаркырактыгы бир тектүү эмес, ал Галактиканын тегиздигиндеги аралыкка көзкаранды. Саманчы жолуна жакын жылдыздардын жарыгы түнкү асмандагы орточо жарыктан эки эсе артыктык кылат. Т. а. ж-нын негизги компоненти – зодиак жарыгы. Эклиптика тегиздигинен алыс ушул жарыктын үлүшү 1/Зге барабар. Эгерде 4-жылдыз чоңдугундагы бир жылдыздын жарыгын толук Ай тегерегинчелик аянтка чачса, ал Т. а. ж-нын орточо жарыгына барабар болот. Т. а. ж. туруктуу эмес ж-а ал көптөгөн факторлорго көзкаранды экенин так өлчөөлөр м-н далилдеди. Негизгилери: Күн активдүүлүгү, атм-ранын жогорку катмарына Жерден ыргытылган вулкандын чаңы ж-а байкоо орундарынын кеңдиги. Т. а. жарык гана кылбастан, ал өзүнчө түскө да ээ. Анын түсү башка булактар сыяктуу спектрдин көрүнгөн жериндеги энергиянын бөлүнүшүнө байланыштуу. Асмандын жарыктыгы спектрдин сары бөлүгүндө көгүш бөлүгүнө караганда 0,7 жылдыз чоңдугунчалык жогору экенин колориметрдик изилдөөлөр көрсөттү.