Тармактык Энциклопедия:ТУТУЛМА ӨЗГӨРМӨ ЖЫЛДЫЗДАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
. Азыркы күндө 5 миңден ашыгы белгилүү. Булардын ар бири эки жылдыздын системасын элестетет. Айлануу тегиздиги жалпы массалуу борбордун айланасында айланганда кезеги м-н бири бирин жапкандай көрүнөт. Т. ө. ж-дын көптүгү Биздин галактиканын жылдыздарынын жарымынан көбү кош системалар курамына киргендиги м-н түшүндүрүлөт. 70 миңге жакын жылдыздын тутулма кош жылдыздарга кирери байкоо же сүрөткө тартуу аркылуу билинди. Жылдыздуу асманда ар бир ирмем сайын ондогон жылдыздардын жутулууларын дүрбү же жөнөкөй көз м-н байкоого болот. Тутулма жылдыздарды байкоо м-н кош системалардагы жылдыз дискалары б-ча жаркырактыктын бөлүштүрүлүшү, газ заттарынын кыймылы ж-дө маанилүү маалыматтар алынат. Т. ө. ж. аркылуу алардын массасын аныктоо азырынча так ыкма. Тутулма жылдыздардын мүнөздүү өкүлү – алголь.