Тармактык Энциклопедия:ТУМАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– атм-ранын жерге жакын катмарында майда суу тамчыларынын, же муз кристаллдарынын, же ал экөөнүн тең жыйылышы. Т. абадагы аэрозолдук (суюк же катуу) бөлүкчөлөрдө суу буусунун сублимацияланышынан же конденсацияланышынан пайда болот. Абанын темп-расы –20оСден жогору болгондо Т. негизинен суу тамчыларынан, –20°Сден төмөнкү темп-рада муз кристаллдарынан куралат. Т-дагы темп-ранын радиусу 1 – 60 мкмге жетет. 1 см3деги тамчынын саны: суюк Т-да 50 – 100, тыгыз туманда 500 – 600. Т. физ. генезиси б-ча суунган ж-а бууланган Т-га бөлүнөт. Суунган Т. абанын темп-расы шүүдүрүм чекитинен төмөн болгондо, бууланган Т. муздак абага кошумча жылуу суу буусунун келишинен пайда болот. Синоптик шарты б-ча аба массасынын ичиндеги туман ж-а фронталдык тумандарга бөлүнөт. Аба массасынын ичиндеги Т. радиациялык ж-а жөө Т-дардан турат. Т. – көрүү мүмкүндүгүн чектейт, эл чарбасына, транспортко зыян келтирет.