Тармактык Энциклопедия:ТЕЛЕСКОПТУН ГОРИЗОНТАЛДУУ ОРНОТМОСУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– телескоптун бир огу тик (азимут огу), экинчи огу (зениттик аралык огу) горизонталдуу жайгаштырылган орнотмо. Горизонталдуу орнотмо альтазимуттуу орнотмо деп да аталат. Альтазимуттуу орнотмонун кемчилиги – асман сферасынын көрүнгөн суткалык айланышынын натыйжасында кыймылдаган асман объектисин көзөмөлдөө үчүн телескопту эки октун айланасында буруу зарылчылыгынын келип чыгышы. Альтазимуттуу орнотмону көптөгөн астрон. аспаптар (универсалдуу аспаптар, пассаж ж-а меридиан тегеректери) жабдып турат.