Тармактык Энциклопедия:СПИКУЛАЛАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Spicules) – Күндүн хромосфераcынан жалындын учундай созулуп чыгып жаткан өтө тыгыз газдардын агымы. С. Күн тутулган мезгилдеги байкоолордун негизинде аныкталган. Алар хромосферанын үстүнө анын орточо деңгээлинен бир нече километрге жогору көтөрүлөт. Ал эми «негизинин» жазылыгы 600 – 1000 кмче болот. С-дын көрүнүү убактысы 0,5тен 3 – 5 минга гана созулат. С. Күндүн экваторуна караганда, анын уюлунан көп кездешет. Алар Күндөн жогору жакты көздөй 20 км/сек ылдамдык м-н атылып чыгат.