Тармактык Энциклопедия:САМАНЧЫ ЖОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Мilky way) – жылдыздуу асманды чоң тегерек б-ча кесип өтүп, түн. учу Вероника түктөрү топ жылдызында жайгашкан агыш күңүрт тилке. С. ж. Чаян, Мергенчи, Бүркүт, Лира, Аккуу, Цефей, Көөкөр, Персей, Букачар ж. б. топ жылдыздары аркылуу өтөт. Ал куралсыз көзгө даана көрүнбөгөн бүлбүл жылдыздардан турат. С. ж-нун жаркырактыгы ар кандай. Тилкесинин жазылыгы 5 – 30°. Мында, биринчиден, Галактикада жылдыз тумандуулугу м-н чогулмаларынын болушу, экинчиден, жарыкты жутуудан ж-а чаңдуу күңүрт тумандуулуктан бирдей эмес таралышынан С. ж-нун структурасы булут сымал көрүнөт. С. ж-нун бардык жылдыздары Галактиканын – зор жылдыздар системасынын бир бөлүгү. Ал 130 млрд.га жакын жылдыздан турат. Бул жылдыздардын бири – биздин Күн. Галактикадагы жылдыздардын негизги массасы линза формасында топтолгон. Калган жылдыздар Галактиканы сфералуу булут түрүндө курчаган. Күн Галактика тегиздигинен анча алыс эмес. Жарык С. ж-нун бир жагынан экинчи жагына 100 миң жылда гана жетет. Күн борборунан 32 миң жарык жылына барабар аралыкта турат. Галактиканын бардык жылдыздары ж. б. объектилери борбордун тегерегинде айланат. Галактикадагы жылдыздардын 2/3 бөлүгү – кош ж-а эселүү системалар, 15%и ак кидиктер. Галактиканын курамына жылдыз системалары – жылдыз топтошуулары кирет. Алар шардык ж-а чачыранды топтошууларга айырмаланат.