Тармактык Энциклопедия:РАДИАЦИЯЛЫК АЛКАКТАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(radiation belts) – планетанын магнит сферасынын ички бөлүгү; анда планетанын өздүк магнит талаалары чоң кинетикалык энергияга ээ болгон заряддуу бөлүкчөлөрдү – протондорду, электрондорду кармап турат. Р. а-да бул заряддуу бөлүкчөлөр магнит талаасынын таасиринен Түн. жарым шардан Түш-кө карай ж-а тескерисинче, татаал траектория б-ча кыймылдайт, к. Жердин радиация алкагы.