Тармактык Энциклопедия:ПРЕЦЕССИЯ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Precession) – Жердин айлануу огунун тегерек конус б-ча жай айлануусу. Бул конустун огу жер орбитасынын тегиздигине тик, ал эми конустун огу м-н анын түзүүчүсүнүн арасындагы бурч 23о27'. П. мезгили (конус тегерегин толук бир айлануу убактысы) болжол м-н 26 миң жыл. Ай м-н Күндүн Жерге тартылуу күчтөрү П-нын болушун шарттайт. Жердин огу П. кыймылында болуу м-н бир эле убакта термелип да турат.