Тармактык Энциклопедия:ПОЙНТИНГ-РОБЕРТСОН ЭФФЕКТИСИ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– космостук кичине тело жылдыздын тартуу талаасында кыймылдаганда анын кыймыл санынын моментинин акырындык м-н азайышы. Мындай кубулуш жылдыздын нурлануу талаасында телонун фотондорду жутушу ж-а кайра нурландыруусунун натыйжасында токтолушу м-н шартталат. Тело жылдызга карай спиралъ түрүндөгү орбита б-ча кыймылдайт. Бул кубулуш аны изилдеген Ж. Пойнтинг ж-а Г. Робертсондун ысымдарынан аталган.