Тармактык Энциклопедия:ПЛАНКТЫН НУРЛАНУУ ЗАКОНУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Planck’s Law) – абсолюттук кара нерсенин спектриндеги энергиянын бөлүштүрүлүшүн аныктоочу закон. Энергия квант түрүндө нурланат деген гипотезага негиздеп нем. астроному М. Планк 1900-ж. бул законду ачкан. Айрым алганда, жарык айрым фотондор түрүндө нурланат.