Тармактык Энциклопедия:ӨЗ АРА АРАКЕТТЕШҮҮЧҮ ГАЛАКТИКАЛАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Галактикалардын мейкиндикте түгөйлөш ж-а топтошуп жүргөндөрү байкалган. Ага Чоң ж-а Кичи Магеллан булуттары, М13 галактикасы мисал боло алат. Өтө чукул турган түгөй галактикалар кээде өтө бузулган формага ээ. Мис., көпүрө өңдөнүп бириккен, куйрук чыгарган, сейректелген жылдыздар булуту м-н курчалган түрүндөгү учурлары кезигет. Мындай галактикалар Ө. а. а. г. деп аталат. Аны Б. А. Воронцов-Вельяминов ачкан ж-а изилдөө жүргүзгөн.