Тармактык Энциклопедия:ООРДУК КҮЧҮ, ТАРТЫЛУУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– ар кандай эки нерсенин өз ара тартылуусу. Эки материалдык чекит үчүн бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону аныкталган. О. к. планеталардын кыймыл орбиталарын, асман телолорунун теңсалмактуулук фигураларын ж. б. аныктайт. Азыркы кездеги тартылуу теориясы болуп салыштырмалуулуктун жалпы теориясы эсептелет. Жер бетиндеги О. к. негизинен жер бетинин формасына ж-а өлчөмүнө көзкаранды. Жердин берилген чекитине коюлган тик сызык О. к-нүн ошол ордундагы багытын аныктайт. О. к. жер бетине тик болот ж-а чоңдугу тартылуучу нерсенин массасы м-н О. к-нүн ылдамдануусунун көбөйтүндүсүнө барабар, к. Гравитация.