Тармактык Энциклопедия:НЕРЕИДА
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Nereid) – Нептундун 2-жандоочусу, анын Нептундан орточо алыстыгы 5,6 млн. км, диаметри 300 кмдей. Н-ны 1949-ж. Ж. Койпер ачкан. Ал чоң жарым огу а = 5570 миң км, эксцентриситети е = 0,75 болгон созулган орбита б-ча кыймылда болот. Н-нын айлануусунун сидерикалык мезгили 360 суткага барабар.