Тармактык Энциклопедия:МЕЙКИНДИК-УБАКЫТ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– материянын жашоосунун бүтүндөй жалпы формалары; мейкиндик – материалдык объектилердин ж-а системалардын жанаша жашап турушунун формасы, ал материалдык системалардын структуралуулугун ж-а орун ээлөөчүлүгүн мүнөздөйт; убакыт – материянын кубулуштарынын ж-а абалдарынын иреттүү түрдө алмашып турушунун формасы, ал кубулуштардын болуу узактыгын мүнөздөйт. Убакыттын түрдүү касиеттери анын узактыгы, кайталанбастыгы, ал эми мейкиндиктин жалпы касиети орун ээлөөчүлүгү, үзгүлтүктүүлүк м-н үзгүлтүксүздүктүн биримдиги болуп эсептелет.