Тармактык Энциклопедия:МАРСТЫН УЛУУ ТОГОШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Марстын өз орбитасынын перигелийине жакын болгон учурдагы тогошуусу. Бул учурда Марс Жерге өтө жакындайт, б.а. андан 55 млн. кмдей аралыкта болот. Улуу тогошуу мезгилинде Марстын жаркырактыгы Чолпондон кийинки орунда болуп, асманда балбылдап көрүнөт. Мындай тогошуу ар бир 15 же 17 жылда кайталанып турат. Марстын акыркы улуу тогошуулары 1971-, 1988-ж-дары байкалган.