АСЫЛБАШЕВ Мелисбек Өмүрбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Мелисбек Өмүрбекович (7. 5. 1947-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Жыламыш айылы) ‒ бийчи, балетмейстер. КРдин эл арт. (1995). КРдин мад-тына эмг. сиӊ. ишмер (1991). Москвада өткөн эл аралык конкурстун лауреаты (1980). 1967-ж. Ленинграддагы проф. В. Я. Ваганова атн. Бий академиясын бүтүргөн. 1967-жылдан Кыргыз мамл. акад. опера ж-а балет

театрында чыг-лык жолун баштаган. Ф. Шопендин «Шопенианасынан», П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен», «Ак куу көлүнөн», «Уйкудагы сулуудан», Б. Асафьевдин «Бахчисарай фон танынан» классикалык жеке партияларды, айрыкча Л. Минкустун «Дон Кихотунан» Эспаданын, К. Молдобасановдун «Куйручук» аттуу балет-комедиясындагы Молдонун партияларын жогорку чеберчиликте аткарган. Ж. Бизенин бир актылуу «Кармен сюитасында» , П. Чайковскийдин «Ак куу

АСЫЛБАШЕВ13.png

көлү» балетинин биринчи көрүнүшүндө классикалык балеттин стилин кылдат сезген хореограф катары таанылган. 1967‒90-ж. театрдагы алдынкы бийчилерден болуу м-н режиссёр-хо–реограф катары Э. Жумабаевдин «Жомоктон соӊ», «Саадак какты», С. Полуэктовдун «Биринчи мугалим» балеттерин койгон. 1983-жылдан Кыргыз улуттук филармониясынын «Акмарал» бий ансамблинин көркөм жетекчиси ж-а башкы балетмейстери. К. Молдобасановдун «Манастын кошуну», «Тамаша», «Жаштар бийи», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миӊ кыял», «Түрк элдеринин музыкасы» сыяктуу ондогон бийлерди койгон. А. жетектеген «Акмарал» бий ансамбли Монголияда, Португалияда, Пакистанда, Германияда, Индияда, Францияда, Малайзияда, АКШда ж-а КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болду. Францияда өткөн эл аралык музыка ж-а бий фестивалынын алтын медалын жеӊип алган. Медалдар м-н сыйланган. Б. Алагушов.