Тармактык Энциклопедия:ЛУНОХОД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

, А й д а ө з ү ж ү р ү ү- ч ү а п п а р а т – Айдын бети б-ча өзү жүрүүчү ж-а иш аткаруучу автоматтык же башкарылма түзүлүш. Айда өзү жүрүүчү 1-автоматтык Жерден башкарылма аппарат-советтик «Луноход-1» (1970). 1970 – 75-ж-дары советтик эки луноход учурулган. Анын салмагы 840 кг, 1 жылга жакын иштеген. «Луноход-1» 80 000 м2 Айдын бетин так изилдеген. Жерге 20 000ден ашык сүрөттү телесистема аркылуу берген. 1971–72-ж-дары Айга «Аполлон-15-, 16- ж-а 17» космос кемелери м-н 3 «Ровер» жеткирилген. Ал астронавттардын иштерин кыйла жеңилдеткен, конгон жерден 27–35 км аралыкка алыстоого мүмкүнчүлүк болгон. Л. – планетоходдордун бир түрү. Азыр Марста жүрүүчү аппараттын долбоору бар.