Тармактык Энциклопедия:ЛЕОНИДДЕР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Leonids) – жыл сайын нояб. ортосунда 33 жылга жакын мезгилде байкалуучу метеор агымы. Асманда метеордун пайда болушунун көптүгү ж-а анын таралышы бирдей эмес. Метеор агымына системалуу байкоо жүргүзгөндө убакыттын белгилүү бир мөөнөтүндө асмандын бир эле областында пайда болот. Көпчүлүк Л-дер мезгилдүү кайталанат. Л-ге байкоолор жүргүзүүнүн натыйжасында 1799-ж. радианта түшүнүгү киргизилген. 1833-ж. 13-нояб. түн ичинде 7 саат бою байкоо жүргүзүүдө 240 миң метеор катталган. Алардын 1866-ж-га кайтышы туура божомолдонгон. Метеордук агымдын орбиталарына жүргүзүлгөн эсептөөлөр 1866 I кометасынын орбитасына абдан окшош болгон. Бул болсо метеордук агымдар-бул кометалардын майдаланышынын (распад) продуктусу деп жыйынтык чыгарууга түрткү берген. Төмөнкү сүрөттө 1799-ж. 12-нояб. Э. Элликот тарабынан тартылып алынган кеңири белгилүү метеор жааны (агымы) көрсөтүлгөн. Метеордун радианты кайсы топ жылдызда жатса, ошол жылдыздын аты м-н аталат. Метеор агымынын активдүүлүгү ар кайсы жылдарда ар түрдүүчө. 1966-ж. нояб. ортосунда дагы күчтүү Л. жааны байкалат.