Тармактык Энциклопедия:КҮН ШАМАЛЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Күн таажы плазмасынын планета аралык мейкиндикке карай (заряддуу бөлүкчөлөрдүн) агымы. 1 секундада 1см2 аркылуу өткөн бөлүкчөлөрдүн (протондор ж-а электрондор) орточо саны 100 млн.го жетет. Жер атм-расынын жогорку катмарын мындай агым 450 км/сек ылдамдык м-н «үйлөп» турат ж-а 1 см3де ондогон бөлүкчөлөр болот. К. ш. планета аралык мейкиндикке Күндүн магнит талаасынын күч сызыктарын алыс тартып, учу күн атм-расына кармалып турат. Күндүн айланышы күч сызыктарга спираль формасын берет. Жердин магнит сферасына К. ш. дайыма таасир этип тургандыктан, Жер сүйрү (сөлпү) формага ээ. Жердин атм-расын К. ш-нан магнитсфера сактайт.