Тармактык Энциклопедия:КҮН ГАЛОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Күн дискасынын айланасында байкалуучу; жаркырак тегерек жаа же так. Ал абадагы муздун майда кристаллдарында жарыктын сынышынан ж-а чагылышынан пайда болот. Күндүн айланасында гало бир жылдын ичинде 50, Айда 16 жолу байкалат. Мындан сырткары Күндүн айланасында мамы түрүндөгү галонун бөлүгү жылына 5 жолу көрүнөт. Гало демейде төмөнкүдөй шартта пайда болот. Бир нече күнкү ачык аба ырайынан кийин атм-ра басымы төмөндөп, түштөн шамал сого баштайт. Батыштан тез көчүүчү тунук булуттар бийик асмандан көрүнөт.