Тармактык Энциклопедия:КҮМҮШ ТҮСТҮҮ БУЛУТТАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Жер бетинен 70 – 90 км бийиктиктеги мезосферада пайда болуучу булуттун өтө жука катмары. Кээде түнкү асманда күмүш сымал начар жаркырап көзгө чалдыгат. Жылдыз жарыгын өткөрөт. Булут күмүш сымал көгүш ак түскө боёлгон. Алардын өзгөчөлүгү Күн горизонттун астына
6 – 16°ка киргенде, күүгүм ченде зенитке жакын, асмандын түн. жарымынан көрүнөт. Алар вулкан же космос чаңдарынын муздаган кристаллдарынан турат деп болжолдонот.