Тармактык Энциклопедия:КОШ ЖЫЛДЫЗДАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Sinary star) – бири бирине жакын жайгашкан, эллипстик орбита б-ча айлануучу жылдыздар. Негизинен асман сферасына проекцияланганда бири экинчисине байланышпай алыс жайгашкан оптикалык кош жылдыздар ж-а бир динамикалык системаны түзүп, жалпы оордук борборунун айланасында өз ара тартылышкан физикалык кош жылдыздарга бөлүнөт. Кээде үч же андан ашык жылдыздар байкалат. Түзүүчүлөрү өз ара алыс жайгашып, жуптугу айрым көрүнгөн учур көзгө көрүнгөн кош жылдыздар, өтө тыгыз жайгашып жуптугу айрым көрүнбөгөн, бирок фотометриялык же спектроскоптук ыкма м-н коштук теги аныкталган жылдыздар тутулма өзгөмө жылдыздар ж-а спектрдик кош жылдыздар деп аталат.