Тармактык Энциклопедия:КОСМОС ЗОНДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– планета аралык чөйрөнү, магнит талаасын, микрометеориттерди, күн системасындагы асман телолорун изилдөөчү космоско учуучу аппарат. К. з-нда Айга ж. б. планеталарга учурулган аппараттар кирет. Дүйнөдө 1-жолу «Луна-1» космос зонду Советтер Союзунда 1959-ж. 2-янв. учурулган Америкада мындай аппараттар Ай зонду, Марс зонду деп аталат. К. з-нда ил.- из., сүрөткө тартуу, түздөн-түз өлчөп алуу м-н ишке ашырылат. Космос зондунун сериясындагы аппараттар «Гелиос», «Луна», «3онд», «Электрон», «Маринер», «Пионер» ж. б.