Тармактык Энциклопедия:КОСМОЛОГИЯ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Cosmology) – бүтүндөй Ааламдын түзүлүшү ж-а эволюциясы ж-дөгү окуу. К-нын маанилүү маселелери мейкиндик м-н убакыттын геометриялык структурасы, Ааламдын эволюциясы, анын ар кандай объектилеринин (айрыкча галактикалардын) ж-а алардын топторунун пайда болушу ж-а өсүшү. К. эмпирикалык маалыматтарды галактикадан тышкаркы астрон-дан алса, анын теориялык негизи физ-нын жалпы закондоруна таянат. К-да моделдештирүү ыкмасы ж-а эсептөөлөрдү жүргүзүүдө ЭЭМ кеңири колдонулат. К-нын корутундулары илимий ж-а философиялык чоң мааниге ээ. Азыркы К-да «ысык» Аалам модели кеңири тараган. Бул модель б-ча Аалам кеңейе баштаган баштапкы мезгилде зат ж-а нурлануу өтө жогорку темп-рага ж-а тыгыздыкка жетет. Кеңейүү акырындык м-н гравитациялык конденсациянын натыйжасында галактикалардын башталышын, галактикаларды, жылдыздарды ж. б. космос телолорун пайда кылат. Ааламдын чечиле элек маанилүү проблемалары: сингулярдуулук деп аталган Ааламдын алгачкы өтө жогорку тыгыздыктагы абалы ж-а анын жашоосунун акыркы фазасы (сингулярдуулук абалга кайра келүүсү).