АГЛАБИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒  Түн. Африкадагы араб эмирлеринин династиясы (800‒909); Аббасиддердин вассалы. Негиздөөчүсү ‒ Харун ар-Рашиддин Ифрикиядагы (азыркы Тунистеги) наместниги Ибрахим ибн аль-Аглаб (800‒812) болгон. А. Ифрикиянын түш. уруулар негиздеген Тахерт имаматына каршы согуш жүргүзүшкөн. А-дин адм. ж-а маданий борбору ‒ Кайруан ш. болгон, ал эми ага жакын жайгашкан Каср-аль-Кадим чеби эмирлердин резиденциясына айланган. А. мамлекети 909-ж. шииттердин соккусунан кыйраган.