Тармактык Энциклопедия:ЗЕЛИГЕР ПАРАДОКСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:16, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, Нейман – 3елигер гравитация парадоксу физика закондорун бүткүл Ааламга же анын чоң областтарына колдонгондо пайда болуучу кыйынчылыктардын (карама-каршылыктардын) бири. Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону массалардын чексиз системасы түзүүчү гравитациялык талааны (эгерде ал массалардын мейкиндикте бөлүштүрүлүшү ж-дө атайын божомолдоолор болбосо) түшүндүрө албайт. Космологиялык масштабда бул маселени А.Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясы чечет, анда бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону эң күчтүү гравитациялык талаалар үчүн такталат.