Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ КАРТАСЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– жылдыздуу асмандын ж-а анын бөлүктөрүнүн картасы; ал асмандан жылдызды оңой табуу үчүн түзүлүп, координаттык торчо м-н жабдылат. Картада жылдыздар чоңдугуна жараша ар кандай диаметрдеги тегерекчелер м-н белгиленет. Ж. к-н түзүүдө жылдыздар картографиялык, проекциялык теорияны колдонуу м-н кооордината огуна туура келген масштабда тандалып алынат. Ж. к-н ж-а жылдыз атласын астрон-га 1603-ж. И. Байер киргизген. Мында ар бир топ жылдыздын жарык жылдызы грек тамгасы м-н белгиленген ж-а азыркы учурда да пайдаланылууда. КМШда кыймылдуу жылдыз картасын А. А. Михайлов, Л. В. Кандауров ж. б. түзүшкөн.