Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
. Космогониялык божомолдор ж-а теориялар космостук объекттерди жараткан негизги күч гравитация деп эсептелет. Белгилүү бир шарттарда өтө сейрек чөйрө (жылдыз аралык газ) гравитациянын таасири м-н кысыла баштайт да жыйынтыгында планеталар, жылдыздар ж-а алардын системалары келип чыгат. Мындай теория космостук объекттердин көп касиеттерин ж-а алардын мейкиндикте жайгашышын туура түшүндүрөт.
Азыркы доордо Ж. п. б. тыгыз газ булуттарындагы жылдыз аралык газдын кысылуусуна байланыштуу. Мындай процесс биздин Галактика тегиздигинде байкалууда. Жылдыз аралык газы жок галактикаларда Ж. п. б-нун ачык белгилери байкалбайт. Биздин Галактикада башка спиралдык галактикалардагыдай эле жылдыздар жалгыздан эмес, тобу м-н (жылдыз чогулмасы ж-а жылдыз бирикмелери) пайда болууда. Бирок Ж. п. б. өтө жай жүрөт: биздин Галактикада жүз миллиарддаган жылдыздар болсо да орто эсеп м-н бир жылда биздин Күн сыяктуу бир нече жылдызга жеткидей гана газ массасы жылдызга айланат. Ж. п. б-нун борбору муздак жылдыз аралык газдын чоң айкалыштары м-н байланыштуу болуп, негизинен галактикалардын спиралдык бутактарында жайланышкан. Ж. п. б. радиоастрон. ыкмалары м-н байкоого болот. Байкоолор көрсөткөндөй пайда болуу областтарында молекулалык суутектен турган абдан муздак газ булуттары бар. Булуттардын өлчөмү бир парсектен кичине, тыгыздыгы кадимки жылдыз аралык газ булуттарыныкынан көп миңдеген эсе чоң. Алардын кысылышы өтө жай (эң жок дегенде жүз миңдеген жылдар) жүрөт, ошондуктан айрым булуттардын кысылышын баштан аяк көрүүгө мүмкүн эмес. Жылдыздардын пайда болуу теориясын түзүү өтө татаал маселе. Жылдыз аралык газдын кысылып жылдызга өтүүсүн көрсөтүү үчүн кысылуудан газдын ысуу ж-а муздоо процесстерин эсептөөгө, газдын магниттелүүсүн ж. б. касиеттерин эске алууга туура келет.