Тармактык Энциклопедия:ЖЕРДИН РАДИАЦИЯ АЛКАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жердин магнит талаасынын күчү м-н тартылып турган радиациялык жогорку интенсивдүүлүктөгү зоналар. Ж. р. а. жогорку энергияда заряддалган бөлүкчөлөрдөн (электрон ж-а протон) турат. Шарттуу түрдө Ж. р. а. ички ж-а тышкыга бөлүнөт. Ички алкактын чеги 2400–5600 км бийиктикте, ± 30о кеңдиктер арасында, тышкы алкактыкы 12000–20000 км бийиктикте жайгашкан. Жерден 5000 км бийиктикте бир нече ондогон МэВ энергиялуу протондор басымдуулук кылат, андан бийикте энергиясы төмөндөп, жерден 3,5 радиус бийиктикте 100 КэВге жетет. Протондордун интенсивдүүлүгү ички ж-а тышкы алкактарда жер магнетизминин кескин түрдө өзгөрүшүнө жараша ар түрдүү. Жердин магнит талаасынын өзгөчө конфигурациясы заряддалган бөлүкчөлөрдү узак убакыт кармап турат. Бөлүкчөлөрдүн кыймылынын мүнөзү магнит талаасынын стуруктурасына байланыштуу, алар түн. жарым шардан түш. ж-а андан кайра күч сызыгынын тегерегинде спираль б-ча тез термелип кыймылдайт ж-а Жердин тегерегинде азимут б-ча жылышат. Жерге жакындаганда бөлүкчөлөр магнит талаасынын абдан чыңалган областына келет ж-а күзгүлүү чекит деп аталуучу чекиттен чагылып, башка жарым шардагы ушундай эле чекитке карай кыймылдайт. Орточо энергиялуу бөлүкчө Түн. жарым шардан Түш. жарым шарга ж-а андан кайра келип бир термелүүгө ~1с убакыт жумшайт.

. р. а-нда көп убакыт болуу тирүү организмдер үчүк коркунучтуу, о. эле космостук техниканын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Учуунун траекториясын туура тандап алуу ж-а космос кемелерин коргоону камсыз кылуу гана радиациядан жабыркоодон сактап калат.



gandex.ru www.gandex.ru