Тармактык Энциклопедия:ЖЕРДИН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жердин айланасындагы орбитага чыгарылган (космос кемелери м-н экипажы бар орбиталык станциялар) учуучу аппараттар. Автоматтык жандоочулар гана (адам иштебей турган) Ж. ж. ж. деп аталат, себеби башкарылуучу космос кемелөри конструкциясы б-ча автоматтык жандоочулардан айырмаланат.

Ж. ж. ж. орбитага көп баскычтуу ракеталардын жардамы м-н чыгарылат, ал үчүн биринчи космостук ылдамдыктан кем эмес ылдамдык м-н жер бетинен учуруш керек.
Ж. ж. ж. өздөрүнүн максаты, аткара турган милдеттери, орбиталары, бортундагы жабдуулардын тиби б-ча ар кандай түрлөргө бөлүнөт. Ил.-и з. жандоочулар Жер ж-а анын тегерегиндеги мейкиндик ж-дө жаңы маалымат алуу ж-а астрон., биол., мед. ж. б. б-ча изилдөөлөрдү жүргүзөт. Орбиталары тегерек, эллипстик, экватор-
ук, уюлдук ж-а туруктуу (стационардык) жандоочулар бар. Стационардык жандоочулар жер бетинен 35860 км алыстыкта бир чекитте «асылып турат», алар байланыш үчүн өтө ыңгайлуу. Жандоочулардын өлчөмдөрү, массалары ар түрдүү. Биринчи жандоочунун диаметри 0,58 м, массасы 8З,6 кг болгон. Эң кичине жандоочунун массасы 700 г, ал эми «Протон-4»түкү – 17 т. Жердии эң биринчи жасалма жандоочусу 1957-ж. 4-окт. учурулган.

Колдонмо жандоочулар – эл чарбасына керектүү маалыматтарды алуучу ж-а ракеталык-космостук тех-ны сыноочу жандоочулар. Байланыш жандоочулар – телекөрсөтүү программаларын берет,радио, телефон, телеграф байланышын камсыз кылат. Мис., «Молния» жандоочусу КМШ мамлекеттеринин бүт Борбордук телекөрсөтүү программаларын жеткирет. М е т е о р о л о г и я л ы к жандоочулар – Жердеги станцияларга Жердин булут, кар, муз катмарлары, жер бетинин ж-а атм-ранын темп-расы ж-дөгү маалыматтарды дайыма берип турат. «Космос» сериясындагы жандоочулардан, «Тирос»,»Эсса», «Тимбус» метеорологиялык жандоочулардан алынган маалыматтар аба- ырайын алдын ала айтууну тактайт, жакындап келе жаткан бороон, шторм, тайфундар ж-дө өз убагында эскертет. Навигациялык жандоочулар – деңиз кемелеринин Дүйнөлүк океандагы абалын так ж-а тез аныктайт. Жердин жаратылыш байлыктарын үйрөнө турган жандоочулар да бар. Алар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн алдын ала айта алат, пайдалуу кендер чыга турган жерлерди зыянкечтер ээлеп алган токойлорду аныктайт, жаратылыш чөйрөсүнүн булганышын көзөмөлдөйт ж. б.


Спутник 3.jpg


acmepoug.ru www. acmepoug.ru