Тармактык Энциклопедия:ЖАРЫМ КӨЛӨКӨ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Күндүн активдүүлүгүндө пайда болуучу күн тактарынын борборундагы көлөкөнүн чет жагы. Тактар магнит талаасынын күч сызыктарынын түтүктөрүнөн турат. Түтүктүн жогору жагы кеңейип, күч сызыктар четке жайылат да, көлөкөнүн ж-а Ж. к-нүн айланасында горизонталдык багыт алат. Тактагы толук басым магнит талаасынын басымын камтыйт ж-а курчап турган фотосферанын басымы м-н теңсалмактанып турат, ошондуктан темгилдеги газ басымы фотосферанын басымынан кичине болот. Магнит талаасы газдын конвекция кыймылын басып, тереңден чыгуучу энергияны азайтат, Ошондуктан тактагы темп-ра болжол м-н 1000 Кге төмөн. Көлөкө м-н Ж-нүн пайда болуусу ушул себеп м-н түшүндүрүлөт.